Сот Бабановду камакта калтырды

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык сотунда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттын доо арызы каралды. Анын жыйынтыгында буга чейин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим күчүндө калтырылды.

Тактап айтканда, Бабанов 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 31-майда “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга шектелип кармалып, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.