Сокулукта көлмөгө чөгүп кетиши мүмкүн делип 57 жаштагы киши изделүүдө

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

20-июнь күнү Сокулук айылындагы Белинский көчөсүндө көлмөнүн жанында 1964-жылы туулган эркек кишинин кийимдери табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын сууга түшүп кетүүсү мүмкүн делип, сөөгү көлмөдөн изделип жатат.

21-июнь күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган. Бирок майнап чыккан эмес. Бүгүн издөө иштери улантылат.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.