Өлкөдө коронавирус жуктурган балдардын саны көбөйүүдө

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Өлкөдө коронавирус менен жабыркаган балдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев тастыктады.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда коронавирус жуктуруп алган жалпы 22 бала дарыланып жатат. Алардын кичүүсү алты айлык болсо, улуусу 16 жашта. Ошондой эле дарыгер ооруканада дарыланып жаткан балдардын абалы орточо оор экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, соңку суткада өлкө боюнча дагы 931 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, ушуну менен илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 116 миң 546 болду. Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну болуп жаткандыгын расмий тастыктаган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.