«Лексус» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, видеого түшүп калган жол инспектору жумуштан айдалды

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media 

2021-жылдын 17-июнунда социалдык тармактарда «Сокулукта жол инспектору айдоочуга сөгүндү» аталышындагы видео социалдык тармактарда тараган. Анда Сокулук РИИБинин жол кайгуул кызматынын инспектору кызмат учурунда жүргөндө айдоочуга карай жаман мамиле көрсөткөндүгүн байкоого болот.

Маалыматка ылайык, КРдин Ички иштер министрлигинин мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы жогоруда аталган инспекторго карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү буйруган.

Жыйынтыгында КРдин ички иштер органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы үчүн, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгын көрсөткөн Жол-кайгуул кызматынын инспектору Э.Э. ээлеген кызматынан бошотулду.

Андан сырткары, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жол кайгуул кызматынын башчысы А.Э.нин көзөмөлү начар болгону үчүн, «сөгүш» түрүндө тартип жазасы жарыялангандыгы белгилүү болду.

Булак: Turmush

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.