Коронавирустук абал курчуп кетсе кайра шайлоо жылдырылышы мүмкүн

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы кайра шайлоо жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Ооруну жуктургандардын саны өсүп жатат жана адистер июль айынын биринчи он күнүндө көрсөткүч эң жогорку чекке жетет деп божомолдошууда. 

«Эгер мындай көрүнүш улана берсе, биз үгүт өнөктүгүн жок дегенде бир айга жылдырууну сунуштайбыз», — деди БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров.

Ал жергиликтүү бийлик шайлоону уюштуруп, бардык күч-аракетти ушул өнөктүккө багыттагандан көрө, калктын ден соолугун сактоого көңүл бөлгөнү туура экенин кошумчалады. 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.