ӨКМ: «Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери талапка ылайык жүргүзүлбөй Кыргыз өлкөсү 800 гектар жеринен айрылган»

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери талапка ылайык жүргүзүлбөгөндүктөн Кыргыз өлкөсү 800 гектар жеринен ажыраган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн, 22-июнда маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын чек арасын аныктап турган Чүй дарыясынын жээгиндеги дамбалардын жоктугунан, дарыянын жээгин суу жеп, дарыянын нугу жыл санап Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип жатат. Министр бул жаатта иштер активдүү башталганын, бул маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев министрликте аткарылып жаткан иштерге, жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолуп, өз кызматын мекемедеги түзүмдөрдүн жана кадрдык курамдын сапатын көтөрүүдөн баштаганын билдирди. “Кызматка келгениме 8 айга аяк басты. Алгач кызматка келгенде мени тынчсыздандырган маселе министрликтин абалы жана кадрдык курамдын сапатынын төмөндүгү болду. Министрликтин түзүмдөрү күчүн толук пайдаланып, өз ара аракеттенбей, бюджетти карап отуруп калышыптыр. Кадрлардын көпчүлүгүнүн да психологиялык, физикалык абалы өтө төмөн экени байкалды. Менин биринчи кадамым ушул кемчиликтерди жоюудан башталды”, – деди ал.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.