Бишкектеги жаңы автобустар бир жума бою жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 22-июндан тартып Бишкек шаарында жаңы автобустар каттап баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустардын узундугу 6,9 метрге жетип, 2 эшиктүү. Жалпы 38 жүргүнчүгө ылайыкталган, 16 отургуч бар.

Шаардык транспорт башкармалыгы жаңы алынып келген автобустар үчүн каттамдарды иштеп чыккан.

Өзбекстандан өндүрүлгөн Япон үлгүсүндөгү «ISUZU» автобустары бара турган каттамдар:

— №10: Ак-Ордо — айланма жол (круговая);

— №11: Ак-Ордо — айланма жол;

— №12: Маевка — Көк-Жар айылы;

— №13: Муромская — Кырман;

— №14: №12 кичи район — Ак-Ордо жаңы конушу.

Бул автобустар бир жума бою жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул шаардыктар жана меймандар үчүн белек болот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.