Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун урматына 1 миң 418 шам жагылды (сүрөт)

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 80 жылдыгына карата «Эскерүү шамы» акциясы өттү.

Катышуучулар 1 миң 418  шамдан «Биздин эсибизде» деген сөздү жазышты. Бул согуш ушунча күнгө созулганынан кабар берет. 

«Биз «Эскерүү шамы» өнөктүгүн алтынчы жолу өткөрүп жатабыз. Бул көптөгөн КМШ өлкөлөрүндө өтөт», — деди «365 ардагерлер» фондунун координатору.

Адатта, акция диктор Юрий Левитандын согуштун башталышы жөнүндө трагедиялуу жарыясынан жана бардык курман болгондорду бир мүнөт эскерүү менен башталат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.