Баткенде базарга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон кыз изделүүдө

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Баткен ОИИБи Айдаркен шаарындагы базарга барып келем деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Аллаяр кызы Мундузга издөө салат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-июнь күнү 09.00 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Ормош айылынын тургуну, 2005-жылы туулган Аллаяр кызы Мундуз өзү жашаган үйүнөн Айдаркен шаарындагы борбордук базарга барып келемин деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Белгилери: бою 160-155 кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.