«Аттестат алуу үчүн мектепке кеткен». Кеминдеги токойдон 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media 

Кемин районунда жаш кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-июнда саат 17:15 чамасында милицияга телефон чалуу болуп, токойдон жаш кыздын денеси табылганы айтылган. Анын денесинде күч колдонулган белгилер бар болчу. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталган.

Кийин болжол менен саат 17:30 чамаларында Кемин РИИБине аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда болжол менен саат 11:00 чамаларында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган.

Милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган Х.О. экендиги такталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суралып, үстүбүздөгү жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алуу үчүн чыгып, болжол менен саат 11:00 чамаларында кошунасынын телефонунан чалып, сугат жумуштарын бүтүрүп алып, бараарын айтып ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген.

Чүй ОИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.

Тергөөнүн маалыматына таянсак, маркум кыз кошунасынын телефонун сурап, апасы менен байланышкан. Андан кийин кошунасынан акча сурап, ал кызга ыдык көрсөтө баштаган. Кыз кыйкырып баштаганда чочуганынан аны муунтуп өлтүргөн. Андан кийин кошунасынын автоунаасын сурап, кыздын денесин токойго таштап кеткен.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран Кемин РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.