Видео- Нарында президенттин кортежинин алдынан жезл менен чыккан кишинин окуясы талкуу жаратты

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media

Нарын шаарында президент Садыр Жапаровдун кортежи жүрүп баратканда колуна жезл көтөрүп алып, жолду көзөмөлгө алган киши социалдык тармактарда талкууга алынды.

Анын бул окуясы видеого тартылган.

Буга чейин 18-июнда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен келгендиги кабарланган. Анын алкагында Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктун көрүп чыгып, инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышты. Ошондой эле Ат-Башы районунун тургундары менен логистикалык борбор боюнча жолугушуусу болуп өттү. Андан кийин президент Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында жолугушуу өткөрдү.

Булак: Turmush

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.