УКМК: Бабановдун машыгып жаткандагы видеосу УКМКнын кармоочу жайында тартылган эмес

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media 

Өмүрбек Бабановдун машыгып жаткандагы видеосу социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап, кызуу талкууга алынды. Видео боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитети төмөнкүлөрдү маалымдайт.

«Өмүрбек Бабановдун УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болуп машыгып жатат делген маалымат чындыкка дал келбейт. Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат, жана анын ичинде фото-видео тартууга тыюу салынган. Аталган видео материал фейк болуп эсептелинет»,— деп айтылат маалыматта.

Аталган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, айрым колдонуучулар «Бабанов күндөн-күнгө курчуп баратат!» деп да жазышкан болчу.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.