Өткөн суткада 585 адамдан коронавирус аныкталды

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 21-июнга караган суткада Кыргызстанда дагы 585 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинибасма сөз кызматынан билдиришти.

Алар:

  • Бишкек шаары – 353 адам;
  • Жалал-Абад облусу – 80 адам;
  • Ош шаары– 54 адам;
  • Баткен облусунда – 35 адам;
  • Ысык-Көл облусу – 22 адам;
  • Ош облусу – 19 адам;
  • Чүй облусу – 9 адам;
  • Талас облусу – 9 адам;
  • Нарын облусу – 4 адам.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 114 миң 300 адамга коронавирус жуккан.

Андан тышкары соңку суткада 6 бейтап көз жумду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.