Түркия Кыргызстанга учкучсуз учуучу аппараттарды сунуштады

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media 

Түркия Республикасы Кыргызстанга учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу Бишкек эркин экономикалык аймагынын кызматкери Тынчтыкбек Алтымышев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Анда ал: «Түрк туугандар жакшы эле колдоп жатат. Бизге, Бишкек ЭЭАга заманбап учкучсуз учуучу техника чыгаруу сунушун беришти. Буюрса, баары жакшы болот!», – деп жазган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-11-июнда Түркия Республикасына расмий сапары менен ийгиликтүү барып, бир катар мамлекеттер аралык келишимдерге кол коюп келген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.