Кыргызстан Кореянын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине кирди

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media 

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Хёк Санг Сон менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар долбоорлордун жүрүшү жана жакынкы жылдарга кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, KOICA президенти ушул жылдын башында Кыргызстан Корея Республикасынын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргенин маалымдап, долбоорлорду ишке ашырууда көп тармактуу ыкманы баса белгиледи.

Элчи Динара Кемелова айылдарды жана аймактарды, айыл чарбасын, билим берүүнү, санариптештирүүнү, өрт коопсуздугун жана башка маанилүү социалдык-экономикалык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандын автоматташтырылган шайлоо тутумун өркүндөтүүгө, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга жана элди таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

Маектешүүнүн алкагында, адамдык ресурстардын жана инфраструктуранын потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашуулар болуп, COVID-19 пандемиясы жайылуу шартында саламаттыкты сактоо, маалыматтык технология, билим берүү жана адистерди даярдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдү жана кызматташтыкты улантууга макулдашышты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.