Көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө коюлган чектөөлөр алынды

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media 

Бишкек шаардык мэриясы  эпидемиологиялык абалдын начарлашына карабастан, кафе, ресторан жана түнкү клубдардын иштөөсүнө коюлган чектөөлөрдү алып салды.

Мэриядан билдиришкендей, 21-июнда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун демилгеси менен ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бизнес өкүлдөрү киргизилген чектөөлөрдү кайра карап чыгууну суранышты.

«Бактыбек Кудайбергенов шаардык эпидемияга  жана эпизоотияга каршы комиссиясына мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгууну сунуштады», — деп билдирди мэрия.

Жолугушуудан кийин шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезексиз жыйыны болуп өттү. Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү чектөө мөөнөтүн алып салууга добуш беришти.

«Эми көңүл ачуучу мекемелерге саат 23:00дөн 7:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Коомдук тамактануу жайларынын, ресторандардын, кафелердин, барлардын жана башка уюмдардын жетекчилери санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын жана белгиленген алгоритмдердин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат: аралыкты сактоо, кызматкерлердин бет кап тагынуучу жана имаратка көп адам чогултпоо»,- деп айтылат маалыматта. 

16-июнда комиссия Бишкекте жайгашкан көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клубдар, кафе-ресторандар, караоке, барлар, коомдук тамактануу жайлар) иштөө убактысын бүгүнкү күндөн тарта саат 23:00дөн 07:00гө чейин чектөө чечимин кабыл алган. Бирок Бишкектеги түнкү көңүл ачуучу жайлардын ээлери дагы миң адам жумушсуз каларын айтып, Бишкек мэриясы менен Саламаттыкты сактоо министрлиги киргизген чектөөлөргө каршы петиция жарыялашкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.