Индияда коронавирустун жаңы түрү катталды

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media

Индиянын Махараштра штатында коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алган 20 учур аныкталды. Вируска «дельта плюс» деген ат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вирустун жаңы түрү ооруп айыккан жана эмдөөдөн өткөн адамдардагы антителолордун активдүүлүгүн төмөндөтө турган K417N мутациясы менен айырмаланат. Вирус өлкөнүн Нави-Мумбаи, Палгар и Ратнагири деген аймактарында аныкталган.

Коронавирустун жайылышын чектөө үчүн бийлик атайын зоналарды түзүп, коронавирустун жаңы штаммы катталган жерлерди карантинге алган.

Белгилей кетсек, учурда Индия коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча экинчи орунда турат.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.