Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media

2021-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

Кыргыз Республикасынын УКМКсы каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздар менен тең бөлүшөбүз.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.