Видео- Атамбаевдин кызы жолдо жаман окуяга кабылды

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media

Алия Шагиева атасы Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга бара жатып, үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгонун билдирди. Бул тууралуу видеону ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жүктөдү.

Анын айтымында, эне баланы ыйлап жаткандыгы үчүн бар күчү менен тээп жиберген. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-июнда саат 11:30 чамасында, №47 түзөтүү колониясынын жанындагы аялдамада белгисиз бир аял баласын бар күчү менен «эй, ыйлаба» деп тепкен. Андан кийин видеодо белгилүү болгондой, Алия Шагиева кичинекей балага болушам деп, аял менен кайым айтыша кеткен.

«Эң башкысы, бул аялдын дагы боюнда бар экен. Ал экинчи баласын да ушинтип урушат. Мен тиги бөбөккө жардам бере албаганыма жиним келип жатат. Тиги аялдын баласын тээп жатканын көргөн элдер, унчукпай карап турушту. Мындай энелер эне укугунан ажыратылып, жазасын алыш керек!»,- деп жазган Шагиева.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.