Ала-Бука районунда логистикалык борбор курула баштады

Бишкек, 21.06.2021 Sokol.media 

Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында логистикалык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

«Бай-Талаа» логистикалык борбору Баястан айылында жайгашкан. Долбоор Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун кызматташуу боюнча түзүлгөн жол картасынын алкагында ишке ашмакчы. Эки облустун аткаминерлери курулушка капсула салып беришти. Борбор болжол менен 20 гектар жерди ээлейт.

Аталган жайда айыл чарба продукциясын сактоо жана экспорттоо, ошондой эле малдын териси менен жүнүн кайра иштетүү боюнча иштер жүрөрү айтылды.

Борбордо эки миңдей жумушчу орун түзүлөрү болжолдонуп жатат. Ушу тапта тийиштүү коммуникация тартылууда. Курулуштун биринчи этабы сентябрь айында соңуна чыгат.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.