Жакшы мүмкүнчүлүк! «Кумтөр Голд Компани» ЖАК бош кызмат орундарына сынак жарыялады

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Бул тууралуу компаниянын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Баардыгына ийгилик!» Кумтөр Голд Компани «чыныгы жана эмгекчил адистер гана иштей турган жайга айланышы керек», — деп жазган ал.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын веб-сайтында диетолог, бухгалтер, долбоордун менеджери, кадрлар боюнча адис жана башкалар үчүн бош орундар бар» — деген билдирүү жайгашкан.

Андан тышкары, студенттерди дагы жайкы өндүрүштүк ишти, алтынды өндүрүүчү фабрикада өтөөгө чакырышат.

Жумуш орундар боюнча www.kumtor.kg сайтына кирип, кошумча маалымат алсаңыздар болот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.