Саламаттыкты сактоо министрлиги Индиядан учуп келген рейстерден баш тартат

Бишкек, 19.06.2021 Sokol.media 

Тышкы иштер министрлиги Индия менен болгон аба каттамдары боюнча талкуу өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Индиядан учкан аба каттамдарын жабуу маселесин талкуулады. Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин позициясы. Калктын саламаттыгы биринчи орунда турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги Индиядан учуп келген рейстерден баш тартат», — деди ал.

Министр ковиддин индиялык штаммынын оор түрү келсе, адамдар арасында тез жайыларын эскертти. Анын айтымында Саламаттыкты сактоо министрлиги Индия менен болгон аба каттамдардан баш тартууда.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.