Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды

Бишкек, 19.06.2021 Sokol.media

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү өткөрүү тартиби көрсөтүлдү.

Андан соң Садыр Жапаров Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берип, орто жана узак мөөнөткө пландалып жаткан социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө айтып берди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.