Ош-Бишкек жолунун жыртык-тешиги бүтөлүүдө

Бишкек, 19.06.2021 Sokol.media

Бишкек — Ош унаа жолу оңдоп-түзөө иштеринен өтүп жатат.. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош жолунун оңдоо иштери 61-чакырымдан 103-чакырымга чейин жүргүзүлдү. Башкача айтканда, 719 чарчы метр жерге 117,9 тонна асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү. Ал эми Суусамыр өрөөнүндө 152-чакырымдан 196-чакырымга чейинки 2 380 метр чарчы жолго 390,4 тонна аралашма колдонулду.

Учурда болсо Бишкек — Ош унаа жолунун 184-209-чакырымында жамоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле жакынкы убакта Төө-Ашууда асфальттын эски катмары алынып, жаңысы төшөлөрү кошумчаланды. Жолдун жээктери бекемделип, белгилерди орнотуу иштери жүргүзүлөт.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.