«Мамлекеттик мекемелерде, дарыканаларда, июлдун аягына чейин дары-дармектер тугөнүп калышы мүмкүн»,-эксперт

Бишкек, 19.06.2021 Sokol.media

Бир жумада, 10 күндүн ичинде, 26-июндан кийин саламаттыкты сактоо тутумунун коронавирус менен ооругандарды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү түгөнөт. Мындай оюн медицина тармагындагы эксперт Айбар Султангазиев Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Акыркы үч күн Кыргызстандагы COVIDдин үчүнчү толкуну 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу жеңилирээк жана жок дегенде күзгү толкундун деңгээлинде болот деген үмүттөрдү өчүрдү. Бардык көрсөткүчтөр боюнча индиялык штамм өлкөгө келип, үстөмдүк кыла баштады. Оорунун белгилери өзгөрүп, 25-30 жаштагы адамдар катуу ооруп, 2-3 күндүн ичинде бутуна туралбай, былтыр ооруп калгандар, анын ичинде эмделгендер дагы ооруп жатышат.

Илдетке чалдыккандардын саны тездик менен өсүп жатат. Ушундан улам, «тез жардам» эсин жоготуп жаткан адамдарга деле келбейт, анткени бригада жетишсиз. Коронавирус менен ооругандарды стационарларга жаткыруу барган сайын кыйын болуп жатат, ооруканалар ансыз деле толуп кетти, ооруга чалдыккан дарыгерлердин саны да өсүүдө. Чындыгында эле, дарыканаларда керектүү дары-дармектер бар, бирок алардын көлөмү чектелүү.

Индия коронавирусунун башка өлкөлөрдө жайылышын байкап, анын жайылуу ылдамдыгы Ухань штаммынын көрсөткүчүнөн бир нече эсе жогору экендиги түшүнүктүү болду. Бир жумада, 10 күндүн ичинде, 26-июндан кийин саламаттыкты сактоо тутумунун коронавирус менен ооругандарды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү түгөнөт. 2-3 жуманын ичинде, балким андан эртерээк дагы ушундай тагдыр аймактардагы саламаттыкты сактоо мекемелерин күтөт. Мамлекеттик мекемелерде дагы, дарыкана тармагында дагы, июлдун аягына чейин дары-дармектердин бардык запастары түгөнүп калуу коркунучу жогору.

Өз убагында медициналык жардам ала албоо өлүмдүн дагы бир нече эсе көбөйүшүнө алып келет жана жаштар ооруну жеңилирээк көтөрөт деп жүрүп, жаштар арасында өлүм көбөйүшү мүмкүн. Президент, Министрлер кабинети коронавируска чалдыккандарга орун даярдап, ИВЛ аппараттарды, дары-дармектерди даярдашы керек»,- деп жазган эксперт. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.