Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди көзөмөлдөй турчу электрондук программа иштелип чыкты

Бишкек, 19.06.2021 Sokol.media

Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди көзөмөлдөй турчу электрондук программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электрондук программа министрликтин ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Германиянын эл аралык кызматташуу коому (GIZ) менен биргеликте иштелип чыккан.

«Бул IT продукт инспекторлорго, жеке ветеринарларга жана фермерлерге малдын абалын өз убагында билүүгө жардам берип, кандай ветеринардык препарат сайылганын, электрондук рецепттер аркылуу дары-дармектердин сатылышын жана колдонулушун көзөмөлдөп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган программа Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин №147 буйругунун негизинде, 17-майда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда программалык камсыздоону пилоттук негизде сыноо өткөрүлгөн.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.