Видео — Кореядагы мекендештер Баткен элине эки «Тез жардам» унаасын берет

Бишкек, 19.06.2021 Sokol.media 

Түштүк Кореядагы кыргыздар Баткен элине эки «Тез жардам» унаасын берет. Бул тууралуу  Муратбек Мамадалиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып, Илчон шаарында иштеп жүргөн кыргыз жарандардын видео кайрылуусун жарыялады.

Баткен элине жардам катары берилип жаткан унаалар бүгүн, 19-июнда жолго чыгып, кийинки жумада Кыргызстанга келет.

Кайрылууда айтылгандай, «Тез жардам» унааларынан сырткары кийим-кече жана оюнчуктар да жиберилет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.