Бишкекте коюлган чектөөлөр аткарылып жатабы? Мэрия кызматтары рейд жүргүздү

Бишкек, 19.06.2021 Sokol.media

Кечээ, 18-июнда Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд жүргүзгөн. Анын  жыйынтыгы менен алты тамактануучу жай жана бир интернет-клубга жалпы 31 миң сом айып салынды. 

Түндө мэриянын кызматтары ишмердүүлүктү саат 23:00дөн 07:00гө чейин чектөө боюнча чечимдер кандай аткарылып жатканын билүү максатында текшерүү жүргүзгөн.

Айыпка жыгылган жайлар:

  • «Соң-Көл», «Бухара-Ассорти», «Глав Пив Трест» ресторандары;
  • «Соң-Көл» ресто-бары;
  • «Айва» чайканасы;
  • «Пабло» лаундж-бары;
  • «Drop» интернет-клубу.

«Соң-Көл» рестораны менен ресто-барына санитардык нормаларды сактабаганы үчүн айып салынса, калгандары саат 23:00дөн кийин да иштегени үчүн жазаланган. Мында «Глав Пив Трест» юридикалык жак катары 13 миң сом айып төлөсө, калганынын ар бири 3000 сомдук айыпка жыгылышты.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.