Жогорку соттун төрайымы: «Урматтуу соттор «эй» деп соттолуучуларга да кайрылбагыла»

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media 

Жогорку соттун төрайымы Нургул Бакирова бүгүн, 18-июнда Нарын облусундагы соттор менен жолугуп, сот залдарын көрүп чыкты.
Мыйзамдуулук менен маданияттуулукту бирдей сакташыбыз керек деген төрайым, облустун сотторуна кайрылып, соттолуучуларга сылык мамиле кылууга чакырды.
«Урматтуу соттор «эй» деп соттолуучуларга да кайрылбагыла. Биз мыйзамга жана маданияттуулукка таянышыбыз керек!», -деди.
Анда  тазалык, адамгерчилик, калыстык, ошондой эле көз карандысыздык тууралуу кеңири талкууланды.
«Сот ар кимге кылчактабай, өз алдынча, калыс чечим чыгаруу үчүн, адегенде өзү да мыйзам алдында таза болушу керек», — деп эсептейт төрайым.
Булак: 7tv.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.