Ысык-Көлдөгү рейдде 15 ок атуучу курал табылып, издөөдө жүргөн 2 адам кармалды

Бишкек, 18.05.2021 Sokol.media 

Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 курал-жарак алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, он күндүк операциянын жүрүшүндө, лицензиялык-уруксаат берүү кызматы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү менен бирдикте 3 миӊден ашык ок атуучу куралдын ээлери текшерилди. Текшерүү учурунда, ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин мөөнөттөрүн бузуунун 47 учуру аныкталып, бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, жалпы 15 миӊ сом өлчөмдө айып пул салынды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 бирдик, анын ичинен 2 сайлуу ок атуучу курал-жарак алынып, алардын ар кандай кылмыштарга колдонулганын, же колдонулбагандыгын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Операциянын жүрүшүндө, башка кылмыштардын бетин ачууга да өзгөчө көнүл бурулуп, 28 кылмыштын бетин ачууга, издөөдө жүргөн кылмышка шектүү 2 адам кармалды жана баӊги кылмышы менен байланышкан 11 факты ашкереленди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.