Видео- КУУнун Оштогу филиалында окутуучулар чет элдик студенттерден пара алып жүрүшкөн

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media 

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Оштогу филиалында пара алуу фактысы  аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (пара алуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

«Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан, муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөнү аныкталды»,- деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.