Ошто массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media

Ош шаарында 1-июлдан тарта үлпөт той, маараке сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти..

Мэрия мындай чечимди коронавирус жуктурган учурлардын саны өсүп жатканынан улам кабыл алганын айтып, шаар «кызыл зонага» киргенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча оору көп катталгандардын саны боюнча Ош шаары 2-3-орундан түшпөй келет. Өткөн суткада аталган шаарда 73 адамдан коронавирус аныкталган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.