Нарында 70 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы ачылды

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Наркы 79 миллион 200 миң сомдук жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 2020-жылы башталган. 70 орунга ылайыкташтырылган медициналык мекемеде 10 реанимациялык орун, 10 интенсивдүү терапия палатасы жана 50 обочолонгон палата каралган.

«Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кислороддук концентраторлор жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдууларды тапшырдым«,- деп жазган Бакашова.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.