Кубакы ашуусундагы жол кырсыктан 2 адам көз жумду

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media 

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Кубакы ашуусу) MAN оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (аты-жөндөрү такталууда) каза болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.