Видео- Экс-спикер Дастан Жумабеков депутаттардын кайым айтышын туураган тамашалуу вайнга тартылды

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media 

Тамашоучулар Актан Рыскелдиев менен Чыңгыз Султанов депутаттардын кечээки кайым айтышын туураган тамашалуу вайн тартышты. Анда экс-спикер Дастанбек Жумабеков рол жаратты.

Вайнда спорт залдардын биринде машыгып жаткан эки актёр машыгуу каражатын талаша кеткенин, бири экинчисине «эээ дебесең» деп кайрылып жатканын көрүүгө болот. Андан кийин алар жулкулдаша баштаганда, ары жактан Дастанбек Жумабеков келип, экөөнү токтотууга аракет кылат.

Видеону көргөн колдонуучулар күлгөн быйтыкчаларды калтырып, экс-спикер тартылган тамашалуу вайнды түшүнүү менен кабыл алышты.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.