ИИМ: Ала-Тоо аянтында милициянын заманбап бөлүмчөсү ачылды

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media 

2021-жылдын 18-июнь күнү Ала-Тоо аянтында милициянын заманбап бөлүмчөсү ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Милициянын бөлүмчөсүнүн ачылышына КРдин ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, министрдин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, Бишкек ШИИББдин начальниги милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

 ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков жогорудагы милициянын бөлүмчөсү бардык капиталдык ремонттон өткөрүлгөнүн, милиционерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.

«Милиция кызматкерлери коомдук жайларда, көчөлөрдө, калк көп чогулган жерлерде коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздап, сапаттуу иштөөсү абзел. Шаардын жашоочуларына жана конокторуна туура сылык мамиле жасап, сапаттуу сервистик тейлөөнү камсыздоо керек»,-деди ИИМ башчысы Улан Ниязбеков.

Андан сырткары, туристтик милициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылды. Бул транспорттук каражаттар коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо милиция кызматкерлеринин ыкчам иштөөсүнө жардам берет.

Жакынкы күндөрү Бишкек шаарында ушундай милициянын заманбап бөлүмчөлөрүн эс алуу жайларында, шаардын борбордук бөлүктөрүндө, калк көп чогулган жерлерде ачуу пландалууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.