Бишкекте коомдук транспорттордо санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media 

Бишкекте коомдук транспорттордо санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мобилдик топтор коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы текшерилүүдө . Алардын курамына шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобустар паркынын адистери, Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы жана Транспорт министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциянын кызматкерлери кирген. 

Муниципалитет шаардыктардан коомдук транспортто баратканда бет кап режимин сактоону, антисептиктерди колдонууну суранат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.