Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму өтүүдө

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн карап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот отурумуна эки саясатчынын тарапташтары келишти. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн сотко ЖМКнын өкүлдөрү киргизилген жок.

Эске салсак, мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынышкан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.