Алмамбет Салиев 2 айга камакка алынды

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди 2 айга камакта калтырды.

Маалыматка караганда, ал 16-августка чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Эске салсак, Алмамбет Салиев кечээ, 17-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМК ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошондой эле экс-президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лобби кылган укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкенин маалымдаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.