«А эмне дарыгерлер менен сүрөткө түшсө болбойбу?». Министр ага ачууланган аялдын видеосу тууралуу үн катты

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media 

Социалдык тармактарда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге «Сүрөткө түшкөнү келдиң беле? Эмне бул?  Уят деген болуш керек да?» деп ачууланып  жаткан аялдын видеосу тарап, талкуу жаратты.

Талкуу жараткан видео тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтты.

«Нарында жугуштуу оорулар ооруканасын ачып, дарыгерлер менен сүрөткө түшүп жатсам «эмне силер сүрөткө түшкөнү келдиңерби?» деп ары жактан өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү келиптир. А эмне дарыгерлер менен сүрөткө түшсө болбойбу?», — деп билдирди министр.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.