74 жаштагы пенсионер Өкмөт үйүнүн алдында ачкачылык акциясын жарыялады

Бишкек, 18.06.2021 Sokol.media 

Бишкекте 74 жаштагы пенсионер Досумбай Дүйшалиев Өкмөт үйүнүн жанында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады.

Карыя Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жашайт жана Ынтымак айыл чарба холдингинин жоюу комиссиясынын экс-төрагасы.  Ал жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ага карата козголгон №75-03-19 кылмыш ишин кароону талап кылат.

«Эгерде мен акция учурунда өлүп калсам, анда жоопкерчилик президенттин мойнунда болот.  Ошондуктан, менин арызымды кабыл алып, чара көрүңүз «, — дейт Досумбай Дүйшалиев.

Октябрь райондук соту 2020-жылдын 19-февралында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кароодон баш тартканы белгилүү болду.

Булак: Сереп Медиа

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.