21 жаштагы жаран апийим менен кармалды

Бишкек, 12.06.2021 Sokol.media 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү апийим баңгизатын ташуу жана сатуу жолун аныктоого жана бөгөт коюга багытталган операциясын ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-июнунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында Исфана шаарынан жалпы салмагы 3 килограмм 30 грамм болгон апийимди ташып келе жаткан жаран 2000-жылы туулган Т.М. кармалган. Андан кийин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жаран Т.М. баңгизатты кимден алгандыгы аныкталып, 1990-жылы туулган Х.Х. кармалган.

Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.