Жапаров капсула салган аскер шаарчасынын курулушу эмнеге токтоп калганы айтылды

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media 

Баткен облусунун Лейлек районунда аскер шаарчасын курууга ,башка  подрядчы компания тандала элек. Мындан улам курулуш иштери жылбай турганын Коргоо министрлиги 11-июнда кабарлады.

“Аскер шаарчасын курууга жер тилкеси трансформацияланып, участоктун укуктук тастыктоочу документтери алынды. Инженердик-геологиялык изилдөө, топографикалык сүрөткө тартуу иштери аяктады, архитектуралык пландоо жана инженердик-техникалык шарттары алынды. Сметалык долбоорлоо документтери даярдалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров аскер шаарчасынын курулушуна капсула салып кеткенден кийин курулуш иш жүрбөй калганы айтылып, сүрөттөр жарыяланган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.