Жалал-Абадда 10 кг гашиш менен мурда соттолгон жаран кармалды

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media 

Жалал-Абад облусунда 10 килограмм баңгизат менен мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы  кабарлады.

Шектүү 9-июнда атайын операциянын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн. Аны Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү  жана Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери колго түшүргөн.

«Анын жанынан афган түспөлүндөгү гашиш салынган 10 таңгак табылып, алынган. Тыюу салынган заттын жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул ишке тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар уланып жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.