УКМК «Касперский» лабораториясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү

Бишкек, 11.06.2021, Sokol.media

Бүгүн, 11-июнда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Жаныбек Жоробаев «Касперский» лабораториясынын Борбор Азия боюнча коммерциялык директору Зубанов Валерий Константинович менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери жана УКМКнын Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун потенциалын жогорулатуу иштери талкууланды, 
Натыйжада, киберкылмыштуулукка каршы иш-чараларды координациялоо максатында УКМК «Касперский» лабораториясы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюп,  анын алкагында компьютер кылмыштуулугуна чара көрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү пландаштырылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.