Учурдагы жаштар саясатында абал кандай? Жетекчи Надырбековдун жообу

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media 

Жаштарга билимдин маанилүүлүгүн жеткирип, так илимдерге кызыктыруу керек. Мындай пикирин Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаштар эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ.

«Көйгөйдү айтардан мурун анын чечүү жолдорун чогуу сунушташ керек. Жаштар саясаты боюнча учурда алгылыктуу иштер каралып, стратегиялык пландар түзүлүп, көңүл бурулууда. Өлкөнү өнүктүрүү процессине жаштарды тартуу жана жаштардын потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн багыттар каралууда. Мисалы, билим жаатында маалыматтын жеткиликтүүлүгү абдан маанилүү. Бул боюнча айыл жериндеги билим берүүнү изилдөө керек. Жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индексин изилдөө акыркы жолу 2017-жылы жүргүзүлүптүр. Анда эң төмөнкү үч багыт көрсөтүлгөн: алардын маданияттуулугунун төмөндүгү, экономикалык көз карандылык жана мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерге катышпагандыгы. Мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаштарды STEM багытындагы илим, технология, инженерия жана математика билимдерине кызыктырып, анын маанилүүлүгүн айтып жана тил үйрөнүү зарылдыгын бекемдешибиз керек», — деди Надырбеков.

Ошондой эле жетекчи жаштарды билимге тартууда тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, аларда жоопкерчилик пайда болорун кошумчалады.

Булак: Sputnik.kg

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.