Түштүк-Батыш бажысынын башчысы эмнеге кармалды? УКМКнын жообу

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Айтмаматов Нурбек кармалды. Бул маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Чогултулган материалдардын негизинде Жазык кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Такталгандай, Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, Товарлардын «жалган транзити» ж.б. уюштуруп, натыйжада олуттуу көмүскө киреше алып турган.

Н.Айтмаматов пайда көрүү үчүн мыйзамсыз алынган материалдык көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алуу менен, атап айтканда болжол менен 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 млн долларга бааланган ондон ашык унаа каражаттарын мыйзамдаштырган.

Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгүн «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Н.П.Айтмаматовго таандык болгон», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Учурда Айтмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.