«Өспүрүм көз жарды». Ошто 15 жаштагы кызды зордуктоого 63 жаштагы киши шектелүүдө

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media

Ошто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, 63 жаштагы жаран  кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-август күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Араван районунун Чек-Абад айыл аймагына караштуу айылдардын биринде жайгашкан эгин талаада 15 жаштагы өспүрүм кызды ошол эле айылдын 63 жаштагы тургуну жаш өспүрүм экенин билип туруп, алсыз абалынан пайдаланып, күч колдонуп зордуктаган.

Жабырлануучу корккондугунан бул тууралуу эч кимге айткан эмес. Апасы аны 2020-жылы ноябрь айынын аягында ооруканага алып барган учурда өспүрүмдүн 4 айлык боюнда бар экендиги тастыкталган. Кыз 15-майда Араван райондук төрөт үйүндө көз жарган.

Натыйжада 16 жаштагы өспүрүм кыз моралдык жана психологиялык жактан жабыр тартып, “Баланын укуктары жөнүндө” Конвенциясында бекитилген укуктары тебеленип-тепселген.

Бул окуя боюнча 2020-жылдын 3-декабрында Жазык Кодексинин 164-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш жазык иши ачылган.

Тергөө учурунда шектүүнүн жасаган кылмышы жабырлануучунун жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүндө, беттештирүү протоколдорунда, бир нече экспертизалардын корутундуларынын тыянагынын негизинде ал Жазык Кодексинин 162-беренеси 3-бөлүмү 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы аныкталгандыктан, 2021-жылдын 4-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 162-беренесинин 3-бөлүгүндөгү, 2- пункту менен сотко чейинки өндүрүш ачылып тергөө иштери жүргүзүлүп, айыбы угузулуп, кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле 63 жаштагы айыпкердин бөгөт коюу чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып, 2021-жылдын 22-июнуна чейин камакка алуу түрү каралган. Учурда тергөө амалдары аяктап бул ишти кароо үчүн Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.