Рекорд! Кыргыз футболчулары каршылаштарын 8:1 эсеби менен утту

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 11-июнда Япониянын Осака шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Мьянмага каршы беттеш өткөрдү.

Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы Мьянманы 8:1 эсеби менен утуп алды.

Оюн башталганда эле «Ак шумкарлар» оюн талаасына ээлик кылып, Мьянманын дарбазасын көздөй тынымсыз чабуул коюп жатты. Албетте, бул каршылаштардын айласын кетирди. Жыйынтыгында биринчи тайм 0:5 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына аяктады.

Экинчи бөлүктө да улуттук команда катары менен эки гол киргизди. Андан соң мьянмалыктардын чабуулу ийгиликтүү болуп Кыргызстандын дарбазасына бир топ киргизишти. Бирок кыргыз футболчулары чыйралып кайра бир гол киргизди. Натыйжада 1:8 эсеби менен улуттук команда жеңишке жетти.

Мында голкиперлер четтетилгенине байланыштуу дарбазаны чабуулчу Эрнист Батырканов коргоду. Ал эми Монголияга каршы беттеште дарбазага турган Айзар Акматов борбордук коргоочу болду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жеңиш бир жагынан сүйүнүчтүү болгону менен тайпадагы жалпы көрсөткүчтө зыяны тийиши мүмкүн. Анткени Мьянма ири эсепте утулса, анда бешинчи орунга түшүп калат. Кыргызстан тандоо турунда Тажикстан курамасы менен оюнду экинчи орунда жыйынтыктап калса, анда киргизген голдордун айырмасы эсептелет. Мындай учурда «Ак шумкарлардын» Мьянмага киргизген топтору эсепке кирбей калат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.