Кыргыз футболундагы жагдай: Матяш жардам үчүн Японияга учат

Бишкек, 11.06.2021, Sokol.media

Бүгүн, 11-июнда футбол боюнча Кыргызстан курамасына жардам берүү үчүн дарбазачы Павел Матяш Японияга учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон деген шек менен «сары» тизмеге киргизилген курама команданын дарбазачылары менен оюнчулары Япония менен боло турган беттешке чыкпай калышы мүмкүн.

«Япония футбол ассоциациясы, ФИФА жана АФК жаралган маселени чечүү боюнча иш алып барууда. Бирок биз аталган өлкөнүн өкмөтүнүн эрежелерине каршы чыга албайбыз. Курамдын кеңейтилген тизмесине дарбазачы Павел Матяш дагы киргизилген. Бүгүн ал жолго чыгып, Мьянмага каршы оюндун 2-бөлүгүнө жетишип калат деп турабыз. Бирок ал 3 күндүк карантинге кармалат. Эми аны 15-июндагы Япония-Кыргызстан матчына чыгарууну пландап жатабыз», — дешти мекемеден.

Кошумчалай кетсек, бүгүн кыргыз курамасы Бишкек убактысы боюнча 16:00дө Мьянма курамасына каршы көк майсаң үстүнө көтөрүлөт. Ал эми буга чейин машыктыруучу Александр Крестинин бул оюнда да дарбазаны талаадагы оюнчу кайтара тургандыгын билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.